Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Түркия ирактык күрттөргө абадан сокку урду


Анкарадагы жардыруудан кийин.
Анкарадагы жардыруудан кийин.

Анкарадагы жардыруудан соң Түркия Ирактын түндүгүндөгү күрт козголоңчуларына абадан сокку урду.

Түрк аскер жетекчилигинин маалыматында, чабуул Күрт жумушчу партиясынын Кандил тоосундагы жана Гара аймагындагы курал-жарак кампаларына багытталган. Бийлик 13-марттагы кеминде 37 кишинин өмүрүн алган терактка аталган партиянын же аны менен байланышы бар топтордун тийиштиги бар деп шектөөдө.

Мындан бир ай мурдагы жардыруудан 29 киши набыт болгон.

21-февралда түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган террорчулардын чабуулдарына аскердик операциялар менен жооп берилерин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG