Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Анкарадагы калабага байланыштуу Атамбаев Эрдоганга көңүл айтты


Анкара 13-марттагы жардыруудан кийин.
Анкара 13-марттагы жардыруудан кийин.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жолдонгон кайрылууда президент Алмазбек Атамбаев көп адамдын өмүрүн алып кеткен теракт жөнүндөгү маалыматты терең кайгыруу менен укканын айтып, бир тууган түрк элинин кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген. Ал каза тапкан жарандардын жакындарына дагы көңүл айтып, жарат алгандардын тез сакайып кетишине тилектештигин айтты.

13-мартта Анкара шаарында болгон жардыруу 37 кишинин өмүрүн алып, 125 киши жарат алды. (AzK)

XS
SM
MD
LG