Акыркы жумада Пакистанда нөшөрлөгөн жаандан улам пайда болгон суу ташкынынан кеминде 50дөй адам набыт болду. 70тен ашуун адам жаракат алып, жүзгө чукул үй-жай жарактан чыкты.
Селден көбүрөөк Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинциясы жабыр тартты.
Айыл жергесиндеги курулуш сапатынын начардыгынан набыт болгондордун көбү үйлөрдүн урандысында калгандар.
Ак жаан 15-мартка карай гана сээлдеши ыктымалдыгын Пакистандын метеорология департаменти билдирди.