Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:12

Тажикстан: Оппозициячынын адвокатынын уулу кармалды


Тажик оппозициячысынын адвокаты Исхок Табаровдун уулу Далер “кылмышты жашырган” деген негизде кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Исхок Табаров өзү билдирди.

Мурдараак анын уулу Фируз Табаров “жалданмачылык” жана “конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакыруу” беренелери менен айыпталып, 13 жарым жылга кесилген.

Исхок Табаров “Жаңы Тажикстан” аттуу катталбаган партиянын төрагасы Зайд Саидовдун жактоочусу. Саидов 2013-жылы экономикалык кылмыштарга шектелип 26 жылга камалган. Бирок ал өзүнө тагылган айыптар саясий куугунтук деп, мойнуна албай келет.

Жактоочу уулунун камалышын кесиптик ишмердигине кысым катары баалады. Эгер Далер Табаров айыптуу деп табылса акчалай айыпка жыгылат же эки жылга чейин камалышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG