Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Таласта митинг аяктады


Талас районунун Манас айылында өткөн тынч митингге 100дөй адам катышты. Анда буга чейин кабарланган талаптар айтылган жок. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, митингди Талас районунун акими Бакыт Нуржанов ачып, жарыктын баасы 1-апрелден баштап кымбаттайт деген сөз жалган экенин, камсыздандыруу баарына милдеттүү эместигин, социалдык төлөмдөр боюнча маселе жаралбай турганын айтты.

Ал эми акциянын уюштуруучусу Дуулат Турдуналиев өкмөт жогорку маселелерди чечип жатканын билдирди. Ошондой эле оппозициянын нааразылык акцияларына чакыруу алганын, бирок андан баш тартканын кошумчалады.

“Тынчтык митинги аркылуу деле талаптарды бийликке жеткирсе болот”,-дейт ал.

Буга чейин Турдуналиев бийликке нааразылык айтылган видеокайрылуу менен чыккан эле. (NT/SS)

XS
SM
MD
LG