Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Орусия поляк министринин айыптоосуна жооп кайтарды


Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Владимир Маркин Польшанын коргоо министри Антоний Мацеревичтин билдирүүсүн “маанисиз жана акылсыз” деп баалады. Ал эми орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “далилсиз, бир жактуу жана трагедиянын чыныгы жагдайларына байланышпаган” деп атады.

Торунь шаарында лекция окуп жатып Мацеревич Смоленскидеги авиакырсыкты Польшаны көз карандысыздыкка алып келген лидерлеринен арылтуу деп баа берген эле.

"Биз 30-жылдары терроризмдин биринчи курмандыктары болгонбуз. Ал эми Смоленскиден кийин дагы террорчулуктун чоң курмандыгына айландык", - деген эле Мацеревич.

“Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы Алексей Дзикавицкийдин белгилешинче, коргоо министри Орусиядагы “мамлекеттик терроризм” тууралуу айткан.

2010-жылдын 10-апрелинде Смоленскидеги авиакырсыкта Польшанын президенти Лех Качинский баштап бараткан делегация, экипаж мүчөлөрү – жалпысынан 96 кишинин баары набыт болгон.

Февралда Польшанын коргоо министри Смоленск кырсыгын иликтөөнү жандантууну буйруган. Өзөгүн “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы түзгөн поляк өкмөтү “Орусиянын жоопкерчилигин” көрсөткөн негизги фактыларды мурунку иликтөө жашырган деп эсептеп келет.

XS
SM
MD
LG