Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Парламент өкмөттүн антикризистик программасын укту


Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн быйылкы жылга карата антикризистик программасы боюнча маалыматын угуп, аны эске алуу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алды. Депутаттар бир катар сунуш-пикирлерди да беришти. Программаны премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү сунуштаган. Анда экспортко товар чыгарган ишканаларды колдоо, ишкерлерди узак мөөнөттүк, жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо, лизингди өнүктүрүүнүн жолдору жазылган. Ошондой эле текшерүүлөрдү токтотуу, кыргызстандык ишкерлерге Евразия экономикалык биримдигинин базарына чыгууга көмөктөшүү маселеси да камтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG