Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Анкарадагы теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок


Ошентсе да түрк өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу тергөөдө кол салгандар боюнча конкреттүү маалымат бар экенин билдирди.

Алдын ала такталбаган маалымат боюнча, жардырууга тиешелүүлөрдүн экөө тең “Күрд жумушчу партиясына” мүчө, 24 жаштагы аял жана бир эркек деп кабарланууда. Алардын бири жардырууда набыт болгону айтылат.

13-мартта Анкаранын Гүвенпарк аймагындагы жардыруу 37 кишинин өмүрүн алды. Жаракат алгандар 125ке жетти. Анын 19у оор абалда.

Интернетке тараган видеодо токтоп турган автобустун жанына жеңил машине келип жарылганын көрүүгө болот.

Бүгүн Түркия Ирак түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан сокку урду. Түрк аскер жетекчилигинин маалыматында, чабуул Күрд жумушчу партиясынын курал-жарак кампаларына багытталган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Сүйөркулов каза болгондор жана жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG