Ички иштер министрлигинде мурда соттолгон адамдар иштеп жатканын министр Мелис Турганбаев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев тартип коргоо кызматкерлери мурда соттолгондук тууралуу маалыматты базадан өчүрүү үчүн 300-400 доллар алып, кылмыш жоопкерчилигине тартылбады деген билдирме берип жатканын айтты.
Мелис Турганбаев бул айтылгандарды тастыктап, бирок азыр аны менен алектенген кызматкерлер иштебей калганын маалымдады:
- Алар пенсияга чыгып кетишиптир. Ал эми соттуулук боюнча маалыматтар архивде сакталуу. Азыр калыбына келтирилип жатат. Жада калса милицияда да мурда соттолгонун жашырып, жасалма документ алгандар бар экени аныкталды.
Кыргызстанда мурда соттолгондук жөнүндөгү маалыматтар тазаланып жатканы боюнча сын-пикир буга чейин да айтылып келген. (NT)