Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Женевада Сирия боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр башталды


Стефан де Мистура
Стефан де Мистура

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стефан де Мистуранын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн маңыздуу болот деп күтүлгөн бул бөлүгү эң көп дегенде үч айлампа менен жыйынтыкталып, алгачкы айлампасы он күндөн ашпаш керек.

- Эгер бул жолу же кийинки айлампаларда биз сүйлөшүү үчүн чын ниетти байкабасак, анда биз бул маселени таасир көргөзө алуучуларга - Орусияга, АКШга жана БУУнун Коопсуздук кеңешине кайтарабыз. Сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташынын альтернативасын айрымдар Б планы деп аташууда. Бул азыркыдан да жаман согушка кайтуу.

Орусия да Женевадагы сүйлөшүүлөрдү утурлай ага Сириядагы оппозициячыл топтордун баарын, анын ичинде сириялык күрттөрдү да өзүнчө тайпа катары кошууга чакырды.

БУУнун чабарманы де Мистуранын айтымында, сириялык күрттөр сүйлөшүүлөргө тикелей катышпайт, бирок аларда өз ой-пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки баштапкы айлампасына президент Башар Асаддын режими менен катар Сириянын байистүү оппозициясынын Жогорку сүйлөшүү комитети деген тобуна бириккен өкүлдөрү келген. Бирок ал айлампа Сириянын Орусия коргогон өкмөттүк аскерлеринин Алеппо шаарына жасаган чабуулунан улам үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG