Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Жалал-Абад: митингдерге каршы кайрылуу жолдонду


Базар-Коргон жана Сузак райондорунан 14-мартта Жалал-Абад шаарында өткөн митингге келип, бирок сөз берилбей калган аксакалдар маалымат жыйын куруп, оппозицияны жазгы талаа жумуштары маалында элди алаксытпоого чакырышты. Бирок, электр тарифтерин арзандатуу жана социалдык төлөмдөр боюнча талаптар жөндүү экенин айтышты. Антимитинг Аксынын борбору Кербен шаарында да өтүп, анын катышуучулары резолюция кабыл алышты. Анда митинг-пикеттерге өлкөнүн туруктуулугун бузуу үчүн көрүлүп жаткан аракет катары баа берилген.

Кечээ Жалал-Абад, Кербен шаарларында оппозиция митинг уюштуруп, социалдык төлөмдөрдүн баасын мурдагы калыбында калтыруу, электр энергиясынын наркын арзандатуу, мамлекеттик камсыздандыруу боюнча мыйзамды жокко чыгаруу, балдарга жөлөк пул берүүдөгү жоболорду жеңилдетүү талаптары коюлган. Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, Бектур Асанов президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө чакырып, митингдер 24-мартта Ош шаарында уланарын билдирген. (NT/RsK)

XS
SM
MD
LG