Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Энергетикадагы жоготууларды жеке бөлүштүрүүчү компаниялар азайтат


Бул туурасында “Электр энергетикасы жөнүндөгү” мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр боюнча коомдук угуу маалында айтылды. Ага ылайык, бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын башка мамлекеттик бөлүштүрүүчү компаниялар өңдүү эле Улуттук электр тармактары акционердик коомунан түз алат. Демилгечилер мындай жол электр тармагындагы жоготууларды кыскартууга шарт түзөрүн белгилөөдө.

2014-2015-жылдары электр жоготууларынын көлөмү 1 миллиард 600 миллиондон ашуун киловатты түзгөн.

Жаңы мыйзам долбоорун Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков, Канат Исаев жетектеген парламенттеги фракциянын депутаттары иштеп чыккан. Өмүрбек Текебаев бүгүнкү күндө энергетика тармагы электр жетишсиздиги, аны натыйжасыз пайдалануу, башкаруунун начардыгы, инвестициянын жетишсиздиги өңдүү проблемаларга туш келгенин белгилеп, сунушталып жаткан мыйзам долбоору аларды чечүүгө багытталганын билдирди.(AzK/IKu)

XS
SM
MD
LG