Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Ысык-Көлдө музейлер бирикмеси түзүлүүдө


Караколдогу Пржевальскийдин үй-музейи.
Караколдогу Пржевальскийдин үй-музейи.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары Рита Борбукеванын “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта бирикмени түзүү боюнча иш план иштелип чыгып, музейлер картага түшүрүлүүдө. Аны менен катар облустагы тарыхый жерлер жана маанилүү эстеликтер картага киргени жатат.

Бирикме музейлерди таанытуу жана элди музейге тартуу милдетин аткарат. Анын алкагында музейлердин көчмө көргөзмөлөрү уюштурулуп, тарыхый жайларды камтыган карта менен катар буклеттер чыгарылып экинчи көчмөндөр оюунунда келген туристтерге сунушталат. Ысык-Көл облусунда жети музей бар. (AsM)

XS
SM
MD
LG