Мындай маалымат Ош шаарында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин көчмө жыйынында айтылды.
Билим берүү министри Элвира Сариева мектептеги балдардын эрте сексуалдык жашоого аралашуусун алдын алуу үчүн тарбиялык көркөм оюндар уюштуруларын билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кыргызстанда соңку бир жыл ичинде секелек кыздардын төрөп коюшу боюнча 1200 учур катталып, бирок ага карата болгону 12 гана кылмыш иши козголгонун маалымдады. (AzK/YI)