Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Муфтият нике кыюуну тартипке салат


Алайдагы үйлөнүү тою.
Алайдагы үйлөнүү тою.

Бул туурасында “Азаттыкка” Муфтияттын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замир Ракиев билдирди. Анын айтуусунда, никени тартипке салуу боюнча муфтият өз сунушун иштеп чыкты. Ага ылайык турмуш кургусу келгендер биринчи кезекте никеге туруп, андан кийинки он күн ичинде милдеттүү түрдө расмий каттоодон өтүшү керек. Эгер он күн ичинде талап аткарылбаса алар администрациялык жазага тартылат.

Мындан тышкары жашы жете электерге нике кыйууга каршы туруу максатында молдолорго никени атайын журналга каттап, аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшыруу сунушталууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы Кыргызстанда жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорду жактырган. Анда каттоосу тууралуу күбөлүгү жок түгөйлөрдүн никесин кыйган молдолорду беш жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жоболор каралган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, турмуш курган кыздардын 15% 18 жашка чейин никеге тургандар. Анын ичинен бир пайызы 15 жашка чейинки куракта турмушка чыккандар. Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында 15-18 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 5-орунда турат.(AzK/ZKo)

XS
SM
MD
LG