Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Иш убактысынын узарып кетүүсү жүрөк оорусун козгойт


Техас медициналык университетинин илимпоздору 1900 кишини байкоого алышып, алардын иштөө убакытын ченешкен. Натыйжада алардын 43 % кардиологиялык оорулар, ангина, кан тамырлардын оорусу, жүрөк талмасы, кан басымдын жогору болуусу жана инсульт дарттары катталган.

10 жылдан ашуун орточо иштөө убактысынан көп иштеген адамдардын саламаттыгы абдан начар экени аныкталды. Аптасына 45 саат иштегендерге салыштырмалуу 60 саат жумушта болгондордун жүрөк ооруга чалдыгуусу 16 % көп катталган. Изилдөөнүн жыйынтыгы Occupational and Environmental Medicine журналына жарыяланды. (BCh)

XS
SM
MD
LG