Бириккен Араб Эмираттарынын аскер-аба күчтөрүнүн учагы Йеменде аскерий операция учурунда кыйроого кабылып, эки учкучу мерт болду.
Сауд Арабия баштаган коалициянын билдирүүсүнө караганда, ага теңникалык оң эместик себеп болгон. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү учак өтө жапыс учуп баратып, тоонун кырына урунуп алганын билдиришти. Учак анын алдында хусит козголоңчулары байырлаган Бурай районуна аба соккуларын жасап кеткен.
Сауд Арабия баштаган араб өлкөлөрүнүн коалициясы Йеменде хусит козголоңчулары тарабынан кулатылган президент Абу Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтирүү максатында бир жыл мурда аба соккуларын баштаган.