Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

МАИ тармагындагы реформа тууралуу маалымат берилет


Ички иштер кызматкерлеринин террорчулукка каршы машыгуулары.
Ички иштер кызматкерлеринин террорчулукка каршы машыгуулары.

Бүгүн Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү аталган тармактагы реформанын жүрүшү боюнча маалымат жыйын курат. Мындан мурда Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул күзөт кызматын бириктирүү чечими кабыл алынган. Мекеме Кайгуул милициясынын башкармалыгы деп аталмакчы.

Реформага ылайык, жол кайгуул кызматкерлери көчөлөрдө турбайт, милициянын күзөт кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барат. Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” кабарлагандай, 1-апрелден тарта Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустары жаңы жобонун негизинде иштей баштайт.

Азыр кызматкерлерге техника жана кийим-кече таратылууда. Калган аймактар 1-июндан тартып иштөөгө өтүшөт. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG