Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Кара-Балта – Бишкек жолундагы видеокамера күнүнө 300 миң сом айып жазат


ИИМдин башкы маалыматтык борборунун улук инспектору Бексултан Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Кара-Балта –Бишкек жолуна орнотулган пилоттук видеокамера иштеп жатат. Ал күнүнө 600 - 700 жол эрежеси бузулган учурду каттап, орточо 300 миң сом айыппул жазууда. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта жалпы 77 миң сом айып акча чогултулган.

"Коопсуз шаар" долбоору коңшу өлкөлөрдө бир нече жылдан бери ишке ашып, натыйжасы дурус экени айтылып келет. Кыргызстанда шаардыктардын коопсуз жашоосун камсыздоо үчүн Бишкек, Ош калааларын түнкүсүн күндүзгүдөй жарыктандырып, видеокөзөмөлдү толук орнотуп беребиз, деген өкмөттүн убадасы дээрлик беш жылга жакын убакыттан бери ишке ашпай турат.(AzK/UEz)

XS
SM
MD
LG