Бул туурасында “Азаттыкка” КМАнын аппарат башчысы, маркум Абдыкерим Гапаровдун бир тууганы Микрам Гапаров билдирди. Анын айтуусунда, Абдыкерим Гапаровго козголгон кылмыш ишиндеги материалдар менен анын жакындары жана адвокаттар тааныша албай жатышат.
Микрам Гапаров УКМКнын Антикоррпуциялык кызматынын далили жок болгондуктан иш жашырылып, маркумдун жакындарына көрсөтүлбөй жатат деген пикирде. Алар бул окуя боюнча ачык иликтөө жүргүзүү талабы менен Ак үйдүн алдына митингге чыгышмакчы.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Абдыкерим Гапаров 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү токтоп, каза болгонун билдирген. КМАнын аппарат башчысына кызмат абалынан аша чабуу, опузалоо беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле Аскер прокуратурасы өлүмгө дуушар кылган атайын операция боюнча кылмыш ишин козгоп, пара алууга шектелүүчүнү кармоого катышы бар Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароодо.
Кырсыктуу окуядан кийин атайын кызматтын төрага орун басары, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бөкөнбай Казаков өз ыктыяры менен жумушунан бошонгон. (AzK)