Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Т.Сариев: Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыска убакта натыйжалуу жыйынтыкка жетиши керек


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бул туурасында өкмөт башчы бүгүн жаңы дайындалган Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду жамаатка тааныштыруу учурунда билдирди. Сариев фонддун мурдагы жетекчилиги кыска мөөнөттүн ичинде уюштуруу иштерин жолго койгонуна карабастан, өлкө жетекчилиги, коомчулук жана бизнес чөйрө тарабынан бир катар сындар айтылганын, мындан улам жаңы жетекчилик мурда кетирилген кемчиликтерди кыска мөөнөттүн ичинде жоюп, иштин натыйжалуулугун көрсөтүшү керектигин белгиледи.

Премьер фондго коммерциялык банктар тараптан ыңгайлуу шарттардагы насыяларды берүүнү, аймактарда ипотекалык негизде берилчү көп кабаттуу үйлөрдү курууну тездетүү тапшырмасын берди.

Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри кызматын февраль айында өз арызы менен тапшырып, муну үй-бүлөлүк маселелерден улам четке кетүүсүнө байланыштырган болчу. Ага чейин Кулматовду президент мэрлик кызматты тарта албай жатканын айтып сындаган эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG