Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Т. Акун: Жарандык форумга бийликтин да, оппозициянын дагы өкүлдөрү келген жок


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Жарандардын социалдык-экономикалык жана саясий укуктарын коргоо боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, чакыруу жиберилгенине карабастан, бүгүнкү форумга бийликтин жана оппозициянын өкүлдөрү келбей коюшту. Алар эми тараптарды 30-март күнү сүйлөшүүгө чакырышты.

Акундун айтуусунда, форумга чогулган жүзгө чукул адам негизинен айылдардан келгендер. Жыйынга укук коргоочулардан болгону Өндүрүш Токтонасыров гана катышты. Жыйында 18 пункттан турган резолюция кабыл алынып, анда негизинен бийлик менен оппозиция өз ара араздашуусун токтотуп, өлкөдөгү кырдаалга көңүл буруусу зарыл экендиги айтылган. (AzK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG