Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун америкалык жоочусу туткунга түштү


Ирактын Синжар облусу
Ирактын Синжар облусу

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында урушуп жүргөн америкалык согушкерлердин бири Ирактын Синжар облусунда күрт аскерлеринин колуна түшүп, жан соога сурады. Ал өзүн Иракта төрөлүп, АКШда чоңойгон палестиналык деп тааныштырган.

“Ислам мамлекети” тобунун жоочулары арасында жан соогалагандар дээрлик кездешпейт.

Англис тилинде эркин, араб тилинде чала сүйлөгөн согушкердин күрттөргө баш ийгени жазылган видео социалдык тармактарда жарыяланды.

Туткунга түшкөн согушкердин жанынан ири суммада акча, үч уюлдук телефон жана тек-жайын тастыктаган документтер чыккан. Арасында АКШдан алган айдоочулук күбөлүгү да бар. Документтерде анын аты-жөнү Мухаммед Жамал Хвейс жана виржиниялык экени жазылган.

XS
SM
MD
LG