Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Куудулдар Курбаналиев менен Разыковдун концерти үзгүлтүккө учураганы жатат


Куудулдар Тынар Курбаналиев менен Рахман Разыковдун концерттик администратору Назгүл Исмаилованын билдиришинче, 4-мартта аны Спорт сарайынын жетекчилиги чакырып, оюн болбойт деп, келишимди жокко чыгарышкан. Бирок 7-март күнү Спорт сарайдын жетекчиси кайра Маданият министрлигинен уруксат алынса, концертти уюштурууга болорун билдирген. Исмаилова 10-мартта министрликтен уруксат алып келип Спорт сарайдын жетекчилигине тапшырган. Андан кийин 20-21-мартка белгиленген концерт маалымат каражаттарына жарнамаланып, Спорт сарайдын кассасы билеттерди кабыл алган.

Исмаилова бүгүн кардарлардын телефон чалуусунан улам билеттер сатылбай жатканын, концерттин болор-болбосун билүү үчүн жетекчилик менен байланыша албай жатканын билдирди.

Куудулдардын администратору буга чейинки депутат Мээрбек Мискенбаев менен болгон чыр концертти токтотууга себеп болуп жатканын белгилейт.

Спорт сарайдын өкүлү Ажар Сатындиева 20-21-мартта Спорт сарайда спорттук иш-чара болорун айтып, куудулдар менен талаш маселенин чоо жайын жетекчилик менен тактоо керектигин билдирди. Жетекчилик менен байланышуу мүмкүнчүлүгү болгон жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG