Бул туурасында Кыргызстанга иш сапары менен келген Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек Жогорку Кеңеште "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал өз сөзүндө Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өтүү менен татаал жолду тандаганын белгилеп, Евробиримдиктин башка мүчөлөрү Кыргызстандагы бул башкаруу системасынын иши менен таанышып, билген соң ар тараптан колдоо көрсөтөт деп ишенерин билдирди.
Кыргыз парламентинин чакыруусу менен келген Чехиянын делегациясынын иш сапары эртең жыйынтыкталат. (AzK/ZKo)