Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:37

Баткен: агасын үй-бүлөсү менен бычактаган киши кармалды


Баткен шаарында пикир келишпестиктерден улам беш баланын ата-энесин өлтүрүп кеткен үй ээсинин бир тууган иниси кармалды. Бул тууралуу Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнөн маалымдашты.

Окуя 15-март күнү болгон. Кармалган Сайитказы Бактыбаев эт сатуу менен алектенген 56 жаштагы бир тууган агасы Сайдимамат Бактыбаев жана анын жубайы 53 жаштагы Айнагүл Бактыбаеваны үй-жай үчүн жердин талашынан улам бычактап салган. Натыйжада эки жабырлануучу тең каза болгон.

50 жаштагы шектүү жаранга "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, далил буюмдар табылып камакка алынды. Иликтөө учурунда анын үй-бүлөсү менен ажырашып, буга чейин бир жолу соттолгону аныкталган. (JsA)

XS
SM
MD
LG