Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Америкалык студент Түндүк Кореяда 15 жылга камалды


Отто Уормбьер кылмыш ишине байланыштуу уюштурулган маалымат жыйынында.
Отто Уормбьер кылмыш ишине байланыштуу уюштурулган маалымат жыйынында.

Америкалык студент Отто Уормбьер Түндүк Кореядагы мейманкалардын биринде мекенчилдик урааны жазылган буюмду уурдаганы үчүн 15 жылга эмгек калониясына кесилди. 21 жаштагы соттолуучу быйыл февралда Түндүк Кореяга беш күндүк саякатка барып, кайра келатканда Пхеньяндагы аэропортто кармалган. Бийлик уюштурган басма сөз жыйынында “мурдатан пландалган оор кылмышты ишке ашырганын” мойнуна алган.

Түндүк Корея буга чейин да АКШ расмийлерин “соодалашууга” мажбурлоо үчүн бир топ америкалыктарды узак мөөнөткө камаган. Алар көбүнчө Вашингтон өкүлдөрү келип, сүйлөшүү өткөргөндөн соң бошотулат. Акыркы ирет 2014-жылы үч америкалык куткарылган.

АКШ менен Түндүк Корея ортосунда дипломатиялык алака жок.

XS
SM
MD
LG