Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Пешавардагы жардырууга “Лашкари Ислам” тобу жоопкерчилик алды


“Лашкари Ислам” тобунун согушкерлери
“Лашкари Ислам” тобунун согушкерлери

Пакистандын Пешавар шаарында 15 кишинин жанын кыйган жарылууга жоопкерчиликти “Лашкари Ислам” тобу өзүнө алды. Жарадар болуп ооруканага түшкөн 26 кишинин көбү оор абалда экенин жергиликтүү бийлик кабарлады.

15-мартта мамлекеттик уюмдарда иштегендерди ташыган автобус Мардан шаарынан келаткан учурда Пешавардагы соода күркөлөрү жайгашкан райондо жардырылган. Саперлор 4 килограммдык бомба унаанын газ баллонунун жанына орнотулганын аныкташкан. Колдо жасалган жардыргыч зат алыстан туруп башкарууга ылайыкталган.

Пакистандын аскерий соту шаршемби күнү өлкөдө бир канча жардырууларды ишке ашырган 13 согушкерди өлүм жазасына тарткан.

XS
SM
MD
LG