Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Кыргызстан бакубат өлкөлөр тизмесинде 85-орунда


Бириккен улуттар уюму менен АКШдагы Колумбия университетинин иликтөөчүлөрү жарыялаган бакубаттуулук индексинде Кыргызстан быйыл 85-орунду ээледи. Казакстан 54, Өзбекстан 49, Тажикстан 100, Түркмөнстан 65, Орусия 56, АКШ 13-тепкичте.

Мурдагы совет курамындагы мамлекеттер арасында Украина эң бактысыз деп табылып, 123-орунду ээледи.

Эң бакубат 10 мамлекет деп Дания, Швейцария, Исландия, Норвегия, Финляндия, Канада, Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Австралия жана Швеция табылды.

Сирия, Ооганстан жана Африкадагы сегиз мамлекет эң бактысыз он өлкөнүн катарын толуктады.

Бакубаттуулук индексин иликтегендер 157 мамлекетте сурамжылоо жүргүзүп, элдин кирешесин, бейпилдик көрсөткүчтөрүн, жалпы дүң өнүмдүн киши башына үлүшүн, социалдык коргоо абалына байкоо салышкан. Сурамжылоого катышкандар жашоодон кантип ырахат аларын да белгилешкен.

XS
SM
MD
LG