Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Кадамжай: жарандык активисттер Бел-Алма кенин иштетүүгө каршылык билдиришет


 Кыргызстандагы көмүр бизнеси.
Кыргызстандагы көмүр бизнеси.

Кадамжай районунун борборунда Бел-Алма көмүр кенин мыйзамсыз казуу боюнча маселени чечүү талабы менен тынч митинг уюштурулат. Бул тууралуу жергиликтүү жарандык активист Абдилашым Отонбаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын билдирүүсүндө, аталган көмүр кениндеги аракеттерди иликтөөнү бийлик Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына жүктөгөн, бирок аталган мекеме эч кандай мыйзам бузуу табылбай жатканын кабарлаган. Жергиликтүү жарандык активисттер буга макул болбой акыйкат текшерүү жүргүзүүнү талап кылышмакчы.

Кадамжай районунун айрым тургундары Бел-Алма көмүр кенине байланыштуу 16-декабрда өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Анда аталган кенди "Беш-Арча" ишканасы коррупциялык жолдор, мыйзам бузуу менен казып жатканы айтылып, мунун артында Ош аэропортунун милициясынын мурдагы башчысы Жалил Атамбаев турары жазылган. Бул боюнча иш козголуп, аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иликтеп жатат. Аталган кенде 70 миллион тоннадай көмүрдүн кору бар. (NT)

XS
SM
MD
LG