Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:32

Бишкекте бош жумуш орундарынын жармаңкеси болот


Жармаңкеде ондогон мамлекеттик жана менчик ишкана, мекемелер 4 миңге чукул бош орундарды сунушташат. Каалоочуларга кесиптик билим алуу, кайра окуу, убактылуу жумуш табуу боюнча адистердин кеп-кеңеши берилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык калкты жумуш менен камсыздоо борборунан билдиришти.

Башкалаада бош орундарга сынак байма-бай өткөрүлүп турат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, азыр өлкөдө эмгекке жарамдуу 200 миңден ашуун киши жумушсуз. Бишкектеги жумуш менен камсыз кылуу борборуна түшкөн вакансияларда кызмат көрсөтүү, тейлөө, соода-сатык тармагына жумушчулар, айдоочуларга суроо-талап жогору. (NT)

XS
SM
MD
LG