Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Чек арадан мыйзамсыз жер семирткич өткөрүүгө аракет жасаган жаран кармалды


Жер семирткич түшүрүү. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Жер семирткич түшүрүү. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришкендей, кыргызстандык жаран Казакстан менен чек арадан мыйзамсыз 67 тонна жер семирткичти өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Ал вагонго жүктөлгөн жер семирткичти “Маймак” темир жол станциясына алып келип түшүрүүнү көздөгөн. Бирок бул станция өткөрүү пункту болуп эсептелбейт жана ал жерде товарды түшүрүүгө болбойт.

Мыйзамсыз жер семирткичтин баасы 1 миллион сомго бааланууда. Кармалган жаран Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. (AzK)

XS
SM
MD
LG