Канаданын Тышкы иштер министрлиги Крым аймагынын Москва тарабынан аннексияланышынын 2 жылдыгына карата тараткан билдирүүсүндө жарым аралда адам укуктарынын бузулушуна тынчсызданарын билдирип, мындан улам Орусияга карата басым уланарын ырастаган.
Анда Орусиянын саясатына каршы пикирин билдирген тургундар басмырлоого жана куугунтукка кабылып жатканы белгиленген.
"Канада абалга терең тынчсызданат. Орусия эл аралык адам укуктарын жана адам укуктары боюнча европалык конвенцияны сыйлабастыгын көрсөтүп жатат. Анын иш-аракети региондогу тынчтыкты жана коопсуздукту жокко чыгарууда", деп жазылган билдирүүдө. (AzK)