17-мартта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өткөн 1916-жылкы боштондук көтөрүлүш жана анын тарыхый сабактарына арналган илимий-практикалык конференцияга катышкан премьер-министр Темир Сариев Аксы окуясына 14 жылдыгы эскерилип жатканын белгиледи.
- Бул окуя 1916-жылдагы боштондук күрөштөй эле кыргыз эли эркиндик үчүн, адилеттүүлүк үчүн ажалдан кайра тартпай турганын далилдеди. Элдин эркиндиги, мамлекеттеги адилеттүүлүк үчүн бийликке каршы чыгып, курман болгон уулдарыбыздын жаркын элеси түбөлүккө сакталат, - деп айтты Темир Сариев.
Өкмөт башчы Маданият жана тарых жылында илимий конференциялар, изилдөөлөр арбын уюштуруларын белгилеп, комплекстүү планга ылайык 1916-жылкы алааматты эскерип туруу үчүн “Ата-Бейит” улуттук-тарыхый комплексине эстелик орнотуларын билдирди.
Жыйында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленип, анын илимий-көркөм мурастары толук басып чыгарылары, мамлекеттүүлүктүн түптүүлүгү тууралуу кытай тилиндеги кол жазмалар табылып, которула баштаганы маалымдалды. (AzK)