Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Сириялык күрттөр федералдык аймак түзүүнү көздөйт


Сириядагы күрттөр
Сириядагы күрттөр

Сириялык күрт лидерлери өлкө түндүгүндө өзүнчө федералдык аймак түзүүнү көздөп жатышат. БУУнун ортомчулугу менен Женевада Сирия өкмөтү жана оппозиция ортосунда өткөн сүйлөшүүлөргө чакырылбай калганы үчүн алар ушундай чечимге келишкен.

Сириялык күрттөрдүн “Демократиялык биримдик” партиясынын өкүлү Наваф Халил федерализация жаратуу пикири тууралуу Associated Press агенттигине билдирген. Бул аймакта күрттөр менен кошо арабдар жана түрк тилдүү айрым жарандар да байыр алышат.

Федералдык аймак тууралуу декларация күрттөрдүн Сирия түндүгүндөгү Рмейлан шаарында ушул күндөрү өтүп жаткан конференция соңунда кабыл алынмакчы.

XS
SM
MD
LG