Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Айгүл тоого миңден ашуун көчөт тигилди

17-март күнү Баткендин Айгүл тоосуна жалпы ашар уюштурулуп, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Кара-Булак айыл тургундары менен мектеп окуучулары катышты. Чогулгандарга жоголуп бараткан гүлдүн маани-маңызы түшүндүрүлүп, мамлекет тарабынан корукка алынган жердеги иштер айтылды.

2014-жылы Баткен облусунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты, Конституциялык соттун судьясы Курмантай Абдиевдин жеке каражатынан сатылып алынган 1300 даана бак-дарактын көчөтү отургузулду. Акыркы учурда тебеленип, жулунуп жоголуу коркунучуна кептелген Айгүл гүлүн корукка алуу үчүн эл аралык уюмдар менен өлкө казынасынан каражат бөлүнүп, 250 гектар жер темир тор менен тосулган. Корук ичине отургучтар, тоо башына чыгуучу тепкичтер жасалып, тигилген бак-дарактарга суу жеткирлип жатат.

16x9 Image

Жеңиш Айдаров

"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG