АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өздөрү ээлеп алган аймактардагы башка дин өкүлдөрүн жана улуттук азчылыктарды кордоп, өлтүрүп геноцид жасап жатканын билдирди.
17-март күнү Вашингтондо жасаган баяндамасында Керри экстремисттер диний жана этникалык топторду жок кылууга бел байлаганын айтты:
- Даиш жоочулары адамзатка каршы кылмыштарды жана этникалык тазалоолорду ишке ашыруу милдетин алышкан. Алар суннит мусулмандарына, күрт жана башка улуттук азчылыктарга каршы зомбулук жасап келүүдө.
2014-жылдын августунда Ирак түндүгүндөгү Синжар шаарын “Ислам мамлекети” радикал тобу ээлеп алып, жүздөгөн езид эркектерди өлтүргөн, аялдарды күң кылган.