Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

“Тарых жана маданият” жылын өткөрүүгө каражат бөлүндү


Көчмөндөр оюну.
Көчмөндөр оюну.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, быйылкы “Тарых жана маданият” жылын жана Көчмөндөрдүн эл аралык экинчи оюндарын өткөрүүгө 1,8 миллиард сом сарпталат. Каржы министрлиги бул иш-чараларды өткөрүү жана даярдык көрүүгө керектеле турган булактар табылганын билдирди.

Президенттин жарлыгы менен быйыл “Тарых жана маданият” жылы деп жарыяланган. Бул мезгил ичинде Көчмөндөрдүн эл аралык оюндары уюштурулуп, Үркүндүн 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, кеменгер ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет. (NT)

XS
SM
MD
LG