Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

АКШ Сириядагы өз алдынча аймактарды тааныбайт


Күрт активисти.
Күрт активисти.

АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Кирби күрттөрдүн Сириянын түндүгүндө өз алдынча аймак түзүү аракетин четке какты. Кирбинин айтуусунда, расмий Вашингтон Сириянын бүтүндүгүн колдойт. Күрттөрдүн чечимин Дамаск бийлиги, оппозиция жана Түркия сынга алды.

Сирия түндүгүндө федералдык аймак түзүү планы Рмейлан шаарында жергиликтүү күрт, араб жана түркмөн лидерлеринин жолугушуусунда жактырылган. Ага ылайык,Түркия менен чектеш аймактагы күрттөр көзөмөлдөгөн үч анклав, “Ислам мамлекети” террордук тобу басып алган арабдар менен түркмөндөр көп отурукташкан айылдар өз алдынча аймакка кириши керек. Күрт саясий топтору БУУнун ортомчулугу менен Женевада Сирия өкмөтү жана оппозиция ортосунда өткөн сүйлөшүүлөргө чакырылбай калганы үчүн ушундай чечимге келишкенин жарыялашты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG