Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Бишкек жылуулук-электр борборунда чыккан өрттөн эки киши жабыркады

Бишкек жылуулук-электр борбору.
Бишкек жылуулук-электр борбору.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өрт туурасында 17-мартта саат төрттөрдө кабар түшкөн. Ал борбордун №20«Б» деген көмүр талкалоочу участкасында чыккан. Эки кызматкер жабыркап, биринин денеси 90 пайыз, экинчисиники 12 пайыз күйгөн. Алар шаардагы №4 ооруканага жеткирилди.

Азырынча бул участкада иш убактылуу токтотулуп, окуянын чоо жайын комиссия иликтеп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG