Жолугушууда президент өлкөнүн сырткы чектеринин кол тийгистигин камсыздоо милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик чек араны коргоо жана чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралу маалыматты укту.
Райымберди Дүйшөмбиев мамлекеттик чек арада көзөмөлдөөчү-өткөрүүчү бекеттерди заманбап жаңылоо иштеринин жүрүшү жөнүндө айтып берди.
Бүгүн таңкы саат жетилерге кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймакка Өзбекстандын чек арачылары аскер техникаларын киргизип, каттамдарды текшерүүгө алышкан. Бул окуя боюнча кыргыз тараптын демилгеси менен бүгүн эки тараптын чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. (AzK)