Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Кочкордо эл аралык илимий конференция өтүүдө


Кочкор районунун борборунда бүгүн ишин баштаган илимий-практикалык конференциянын уюштуруучусу Айгүл Элебесованын билдиришинче, жыйынга түрк тилдүү өлкөлөрдөн окуучулар чакырылган. Ага Казакстан менен Жакутиядан өкүлдөр катышууда. Мындан тышкары Кыргызстандын бардык облустарынан 92 окуучу илимий баяндамаларын даярдап келишкен. Баяндамалардын жыйынтыгын жогорку окуу жайлардын профессорлору эртең чыгарышат.

Түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы бул илимий-практикалык конференция быйыл 6-ирет өткөрүлүп жатат. Мындай жыйын алгач Орусиянын Якутск шаарында өткөн. Конференциянын катышуучулары негизги басымды тарых жана маданият маселелерине арнашат. (MiK)

XS
SM
MD
LG