Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

"Азаттыктын" жетекчилиги Хадижа Исмаилованын тагдырына тынчсызданууда


Хадижа Исмаилова
Хадижа Исмаилова

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жетекчилиги Азербайжанда журналист Хадижа Исмаилова камакта калышына тынчсыздануу билдирди. Бейшембиде өлкө бийлиги саясий негизде камалган бир канча адамды абактан чыгарган, бирок алардын арасында Исмаилова болгон эмес.

"Биз абактагы журналисттер, укук коргочулар жана активисттер эркиндикке чыкканына абдан кубанычтабыз... Бирок алардын арасында Хадижа дагы болушу керек эле", - деп билдирди RFE/RL башкы редактору Ненад Пейч.

Азербайжанда бийликтин жогорку тепкичиндеги коррупциялык иштерди иликтеп, "Азаттык" менен кызматташкан журналист Хадижа Исмаилова былтыр сентябрда финансылык кылмыштар боюнча айыпталып, жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Укук коргоочулар менен анын жактоочулары бул иш саясий негизде атайын жасалган деген ишенимде.

Эл аралык Amnesty İnternational укук коргоо уюму Исмаилованы “абийир туткуну” деп тааныган.

Бейшембиде президент Алиевдин жардыгы менен абактагы 148 адамга кечирим берилип, эркиндикке чыгарылды. Алардын арасында бир канча көз карандысыз жана оппозициялык журналисттер менен укук коргоочулар да бар. Эл аралык укук коргоо уюмдары Азербайжан бийлигинин бул кадамын кубаттап, саясий себептер менен камалган бардык адамдарды абактан бошотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG