Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Орус футболунун жылдызы "Кайратка" келди


Орусиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы оюнчусу Андрей Аршавин Казакстандын "Кайрат" клубуна келди. Ал бул топко кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен бир жылдык келишимде кошулду.

34 жаштагы Аршавин адегенде Санкт-Петербургдун "Зенит" клубунда, кийин Лондондун "Арсеналында" ойноп, жүзгө жакын мелдешке катышуу менен 20дан ашуун гол киргизген. Былтыр Орусиянын "Кубань" клубу менен келишим түзүп, быйыл февралда андан чыгып кеткен.

Футболдогу ийгиликтери менен таанылган Андрей Аршавин Орусиянын курама командасынын катарында дүйнөлүк жана европалык мелдештерге катышып жүргөн.

XS
SM
MD
LG