18-марттын кечинде кыргыз жана тажик расмийлери чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүдө жазгы талаа иштери учурунда жол, суу, жайыт талаштарына бөгөт коюп, жаңжалдардын алдын алуу маселелери талкууланды. Мындай маалыматты өкмөттүн чек ара аймактарды өнүктүрүү жана чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди.
Айтымы, эки тараптын жолугушуусуна өкмөт өкүлдөрү менен чек арадагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, чыр-чатактардын алдын алуу боюнча атайын тапшырмалар берилди. Искандаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын тактоодо орток пикир табылып, 15 чакырым чек ара такталганын кошумчалады.
Кыргызстан менен Тажикстан жалпысынан 970 чакырым чектешип, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450сү дале талаштуу. (JsA)