Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Баткен: күтүүсүз кар өрүктүн 20 пайызын үшүттү


Жыл сайын өрүк гүлдөгөн маалда кар түшөт
Жыл сайын өрүк гүлдөгөн маалда кар түшөт

Баткен облустук өсүмдүктөрдү коргоо башкармалыгынын башчысы Мунарбек Дөбүтовдун “Азаттыкка” ырасташынча, 18-19-мартта жааган кардан улам өрүктөрдүн дээрлик 20 пайызын үшүк алып кетти. Облустун дыйканчылык жана багбанчылык аймактарына кар түшүшү гүлдөп турган өрүктүн бүчүрлөрүнө зыянын тийгизди.

"Учурдагы абал жалпы облустун өрүк өндүрүшүнө дээрлик 20 пайыздай чыгым алып келди", - дейт Дөбүтов.

Өткөн жылы да аймакта өрүк гүлүн ачкан мезгилде кар түшүп, үшүк жүрүп 80 пайыздай өрүк түшүмүнө зыяны тийген. Баткендик дыйкандардын көбү өрүк менен жан багат. (JsA)

XS
SM
MD
LG