Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Ростов-на-Донуда учак кыйрап, 61 киши мерт кетти


Орусиянын Ростов-на-Дону аба майданында бүгүн таңга маал Boeing 737 учагы кыйрап, 61 жүргүнчү набыт болду. Аталган учак Дубайдан келаткан.

Жергиликтүү бийликтин маалыматында учакта 55 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Учак катаал аба ырайынан улам конууга аракет кылып, натыйжада жерди сүзүп күйүп кетккен.

FlyDubai авиакомпаниясы ТАСС агенттигине учак аларга таандык экенин ырастады, бирок толук маалдымат берүүдөн карманууда. Учурда кырсык болгон жерде куткаруу иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG