Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Байыркы жаныбардын сөөгү изилденет

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, Каракол шаарына келген Илимдер академиясынын окумуштуулар тобун тарых илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева жетектейт.

10-мартта Ак-Суу районунун Отрадное айылынан байыркы мезгилдеги жаныбарга таандык делген сөөктү жергиликтүү тургундар табышкан.

16-мартта Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик универститетинин тарыхчы мугалимдери Нурлан Тагайбаев жана Бактыбек Кангелдиев сөөк табылган Орлиное айылына барып, жер кыртышын карап көргөн соң Ак-Сууда табылган байыркы жаныбардын сөөгүн плейстоцен дооруна таандык деп болжолдошкон.

16x9 Image

Асеин Маданбеков

"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG