Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:37

Стамбулдагы жардыруудан эки киши набыт болду


Түркиянын Стамбул шаарында ишембиде түшкө маал болгон жардыруудан эки киши набыт кетти. Жарадарлардын саны онго чукулдады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Жардыруу Стамбулдун чок ортосундагы туристтер көп жүргөн Истиклал көчөсүндө уюштурулган.

Мындан бир апта мурда, 13-мартта Анкаранын Кызылай аянтынын Гүвенпарк багында болгон жардыруу 37 адамдын өмүрүн алган. Жарадарлардын саны 125тен ашкан. Анда аялдаманын жанындагы автобуска жакын жерде жанкечти-террорчунун унаасы жарылган. Ал эми жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Шумкарлар Күрдистандын эркиндиги үчүн" тобу алган.

XS
SM
MD
LG