Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Түрк бийлиги жардыруу тууралуу маалымат таркатууну чектеди


Түркиянын радио жана телеберүү боюнча жогорку кеңеши Стамбулда болгон жардыруу боюнча маалымат таркатууга убактылуу тыюу салды. Стамбулда бүгүн түшкө маал болгон жардырууда набыт болгон адамдардын саны төрткө жетип, жарадарлардын саны жыйырмага чукулдады. Жергиликтүү маалымат каражаттар жанкечти көздөгөн жерине жетпей жарылганын кабарлашууда.

Жардыруу Стамбулдун чок ортосундагы туристтер көп жүргөн Истиклал көчөсүндө уюштурулган. Мындан бир апта мурда, 13-мартта Анкаранын Кызылай аянтынын Гүвенпарк багында болгон жардыруу 37 адамдын өмүрүн алган. Жарадарлардын саны 125тен ашкан. Анда аялдаманын жанындагы автобуска жакын жерде жанкечти-террорчунун унаасы жарылган. Ал эми жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Шумкарлар Күрдистандын эркиндиги үчүн" тобу алган.

XS
SM
MD
LG